0%
Brand Image
Loading ...

Жасалма акылды кардиологияда колдонуу тууралуу макала IJS Global Health журналына жарыяланды

Студенттердин илимий макалаларын жарыялашы, айрыкча, жасалма интеллект технологиялары (ЖИ) жана аларды медицинада колдонуу боюнча илимий иштер жаш изилдөөчүлөрдүн кесиптик өнүгүүсүндө жана илимий агартууда негизги ролду ойнойт. Бул процесс студенттерге билимин өркүндөтүүгө гана эмес, заманбап медицинанын өнүгүшүнө жана саламаттыкты сактоонун сапатын жогорулатууга көмөктөшүп, алдыңкы изилдөөлөргө катышууга мүмкүнчүлүк берет.

АЭУнун Медицина факультетинин 4-курсунун Түштүк Африкадан келген студенти Гулам Хусейн Аббас “AI-based predictive modeling: applications in cardiology” (Жасалма интеллектке негизделген болжолдуу моделдөө: кардиологияда колдонуу) аттуу илимий макаласын International Journal of Surgery Global Health журналына ийгиликтүү жарыялады. Макаланы бул шилтеме аркылуу окуй аласыз.


International Journal of Surgery Global Health – SCOPUSта индекстелген илимий-медициналык басылма. Анда хирургиялык ыкмалар, медицинадагы жаңы технологиялар жана глобалдык саламаттыкты сактоо маселелери боюнча оригиналдуу изилдөө иштери жарыяланат. Гулам Хусейн Аббас жүрөк-кан тамыр медицинасында диагноз коюу жана дарылоо ыкмасын революциялаштыруудагы потенциалы үчүн аталган теманы тандап алган. Изилдөөлөрүндө ал кардиологиялык маалыматтардын учурдагы топтомуна негизделген божомолдоочу моделдерди иштеп чыгуу үчүн ар кандай ЖИ методдорун, анын ичинде машинаны үйрөнүү алгоритмдерин, терең үйрөнүү методдорун жана маалыматтарды талдоо куралдарын колдонгон. Автор изилдөөлөрүнүн натыйжалары жана эффективдүүлүгү менен бөлүштү:

Гулам Хусейн учурда АКШдагы Rutgers Robert Wood Johnson медициналык мектебинде онлайн-оффлайн гибриддик системада болгон клиникалык изилдөө стажировкасынан өтүп жатат. Аталган мектеп Америка Кошмо Штаттарында экинчи жана дүйнөдө төртүнчү орунда турган алдыңкы изилдөө жабдуулары менен белгилүү. Бул орунга жетишүү дүйнө жүзү боюнча 250дөн ашык дарыгерлер жана медициналык студенттер арыз берген, жогорку атаандаштык тандоонун негизинде АЭУнун студенти тандалган 20 талапкердин бири болгон. Мындан тышкары, бир нече эл аралык деңгээлдеги сертификаттардын ээси. Келечекте диагноздун тактыгын, дарылоонун натыйжалуулугун, ошондой эле ЖИ жана наномедицина технологияларын колдонуу менен бейтаптарга кам көрүүнүн натыйжаларын жогорулатуу үчүн инновациялык ыкмаларды изилдөөгө умтулат.

Келечектеги дарыгер муну менен чектелбестен башка долбоорлордун үстүндө иштөөдө. Анын ЖИ жана наномедицина боюнча бир нече макаласы The Lancet Journal жана Annals of Medicine and Surgery журналдары тарабынан каралып жатат.