0%
Brand Image
Loading ...

Англис тилин билүү деңгээлин текшерүү

2024-жылдын 13-апрелинде саат 10:00дө “Ала-Тоо” Эл аралык университети абитуриенттерди AIU EPTге чакырат.

AIU EPT – тестирлөөсү англис тилин билүү деңгээлин аныктайт жана кирүү сынак болуп саналбайт, анткени АЭУ абитуриенттерди ЖРТнын жыйынтыгы боюнча кабыл алат. АЭУга тапшыруу үчүн абитуриент англис тилин Intermediate (B2) деңгээлинде билиши керек. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 100% дан 60% алган абитуриенттер университеттин биринчи курсуна окуй алышат, алардын окуу мөөнөтү 4 жыл болот.

60% дан төмөн балл алган окуучулар АЭУнун даярдоо курсунда англис тилин интенсивдүү түрдө үйрөнүшөт. Ушуга байланыштуу 60% дан кем балл алган студенттердин окуу мөөнөтү 5 жылды түзөт.

TOEFL (IBT-60 points), IELTS (6.0 points) оригиналдуу сертификаттары бар абитуриенттер автоматтык түрдө тестирлөөгө катышпастан, АЭУнун биринчи курсуна кабыл алынат.

Тестирлөө оффлайн форматында өтөт жана беш бөлүктөн турат: сөз байлык, грамматика, окуу, угуу жана эссе жазуу. Бардык тизмеленген бөлүмдөрдү бүтүрүү үчүн туура үч саат берилет.

AIU EPTге катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • 400 сом өлчөмүндө төлөм жүргүзүү:
    • Оптима банк — 4169 5853 5218 2330 — Канышай М.
    • Mbank - 996551974315 - Канышай М.
  • Онлайн каттоо формасын толтуруу
  • Паспорт же окуган жерден маалымкат болушу керек (сүрөтү менен)
  • Каттоодон өтүү үчүн тест өткөрүлүүчү жерге саат 09:30да кечикпей келүү

Маанилүү! 

Төлөм аткарылгандан кийин, квитанциянын сүрөтүн/скриншотун +996 (551) 974 315 W/App номерине жөнөтүү керек. Андан кийин модераторлор сизге онлайн каттоо шилтемесин жөнөтүшөт.

Тестке каттоо 12-апрель күнү саат 12:00гө чейин уланат.

Орундар чектелүү!

Сизди Тунгуч кчр., Анкара көчөсү 1/8 дареги аркылуу күтөбүз.