2024-жылдын 29-мартында АЭУда проректорлордун “Он эки жылдык окуу: дүйнөлүк тенденциялар жана илимий көйгөйлөр” аттуу тегерек столу өтүп, ага 40тан ашык катышуучулар чогулду. Иш-чара гибриддик онлайн-оффлайн форматында өттү.
Иш-чара АЭУнун ректору, Ph.D Жылдызбек Жакшылыковдун, ошондой эле конференциянын модераторлору – АЭУнун илимий иштер боюнча проректору, п.и.д., профессор Салидин Калдыбаевдин жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын илимий иштер боюнча проректору Н. А. Абдыбековдордун саламдашуу сөзү менен башталды.
Биринчи докладды п.и.д., профессор Добаев Кыргызбай Дүйшөнбекович жасап, ал башталгыч билим берүүнү жана нөлдүк классты толтурууда инфраструктуралык көйгөйлөрү бар экендигин белгиледи.
Көпчүлүк адамдардар тарабынан стандарттарга олуттуу мамиле жасалбай, “Кембридж” же Сингапур системасы сыяктуу чет элдик ыкмаларга суктанышат. Бирок алардын интеграциясы стандарт менен туура иштебей туруп мүмкүн эмес экени маанилүү.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим жана инновациялар башкармалыгынын башчысы т.и.к. Токтошов Гулжигит Ысакович докладын окуп, билим берүү системасын өнүктүрүүнүн базалык модели катары инновациялык цикл жөнүндө айтып берди. Ал белгилегендей, технологиялык парадигманын тынымсыз өзгөрүшү менен, белгисиздик режими берилген контекстке жооп бере турган таптакыр жаңы көндүмдөр топтомун талап кылат.
Салымбеков университетинин президенти Ph.D Жумадилов Амангелди он эки жылдык билим берүү программасы боюнча өз көз карашын билдирди. Ал эл аралык кызматташтыкты, анын ичинде тең салмактуулук системасынын эскизин көрсөттү. Мындан тышкары, Ph.D Урмат Тыналиев өз баяндамасында мектептин бүтүрүүчүсү заманбап коомдо ээ болууга тийиш болгон негизги көндүмдөрдү белгиледи. Баяндамачы Борбордук Азиядагы жалпы контекст менен тыгыз байланышта болгон Кыргызстандагы билим берүүдөгү кырдаал тууралуу өз талдоосун сунуштады.
БААУнун ага окутуучусу Данияр Карабаев он эки жылдык билим берүүнү чет өлкөгө жайылтуунун ийгиликтүү тажрыйбасына арналган доклад менен тааныштырды. Талкууга башка университеттердин проректорлору катышып, он эки жылдык билим берүү системасын киргизүүдө материалдык колдоо, инфраструктураны өнүктүрүү, кадрларды даярдоо жана окуу программасын өнүктүрүү маселелери сыяктуу сөзсүз түрдө туш боло турган кыйынчылыктар жөнүндө айтып беришти. Илим боюнча проректорлор баштаган кызматташтык мындан ары да улантылат. Катышуучуларга жана иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдиребиз!