0%
Brand Image
Loading ...

Erasmus+тун алкагында Эстония жана Венгрия ЖОЖнун өкүлдөрү менен жолугушуу

Эстония жана Венгрия ЖОЖнун өкүлдөрү Erasmus+ кредиттик мобилдүүлүк жумалык программасынын алкагында АЭУга келишти.

2024-жылдын 15-апрелинде АЭУда Эстониядагы Тарту университетинин Эл аралык кызматташтык жана протокол бөлүмүнүн ENLIGHT долбоорунун жетекчиси Тиина Яксман менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Тиина Яксман университеттин кызматкерлери үчүн “Долбоорлорду иштеп чыгуудагы негизги стратегиялар” темасында семинар өткөрдү. 

Ошондой эле ал долбоорду башкаруу стратегиялары боюнча Эл аралык мамилелер кафедрасынын студенттери үчүн семинар өткөрүп, Тарту университетинин жайкы мектептери жөнүндө айтып берди.

Мындан тышкары, жолугушууга Венгриянын MATE – Айыл чарба жана табигый илимдер университетинин профессору Иштван Фехер катышты. 

Венгриялык профессор студенттерге азык-түлүк коопсуздугунун негизги глобалдык жана жергиликтүү элементтери, азык-түлүк менен камсыздоо системаларынын өнүгүү тенденциялары жана практикалык чечимдер, айыл чарба ресурстарын сатуунун негизги принциптери жана практикасы, ошондой эле фермерлердин жүрүм-турумунун негизги мүнөздөмөлөрү боюнча лекция өткөрдү.

АЭУ өкүлдөргө сапары жана мазмундуу пикир алмашуусу үчүн ыраазычылык билдирет.

Сүрөт отчету: