0%
Brand Image
Loading ...

АЭУда Ачык эшиктер күнү 2024

2024-жылдын 20-апрелинде АЭУда 1000ден ашуун катышуучуну камтыган Ачык эшиктер күнү 2024 масштабдуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Ачык эшиктер күнү келечектеги университеттин атмосферасына чөмүлүү, анын инфраструктурасы, факультеттери жана окутуучулары менен жакындан таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, бул иш-чара университет сунуштаган окуу программалары тууралуу толук маалымат алууга жана келечектеги кесипти туура тандоого жардам берет.

Иш-чаранын биринчи бөлүгүнүн алкагында ар бир кафедранын өкүлдөрү кабыл алуу процесси, программаларга коюлган талаптар, окууга болгон жеңилдиктер жана окууну аяктагандан кийинки карьералык перспективалар тууралуу маалымат менен бөлүшүштү. Окуучулар жана алардын ата-энелери университеттин инфраструктурасы менен таанышып, учурдагы студенттер менен жолугушууга мүмкүнчүлүк алышты. Болочок студенттер университет менен гана эмес, актуалдуу билим берүү программаларын сунуштаган IT & Business Колледж тууралуу маалымат алышты.

11-класстын окуучусу Нурайым иш-чара тууралуу өз таасирлери менен бөлүштү:

Быйыл мектепти ийгиликтүү аяктайм, кесип жана турмуш жолун тандоого убакыт келди. Бул иш-чарага атайын “Жарнама жана PR” бөлүмү жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн келдим, анткени бул чыгармачыл кесипке дайыма кызыгып келем. Программанын өкүлдөрү мага талаптар боюнча түшүндүрүп беришти. АЭУ ачык эшиктер күнү сыяктуу чоң иш-чараларды ар дайым жогорку деңгээлдеги өткөрөт. Кыргызстанда “Ала-Тоо” сыяктуу жогорку окуу жайы болсо, анда англис тилинде сапаттуу билим алууга болот деп ишенем. Биринчи кезекте окууну өзүбүздүн өлкөбүздөн баштап, андан кийин дүйнөнү багындырып, чет өлкөдө өнүгүү керек деп ойлойм. Жагымдуу атмосфера үчүн окуу жайга рахмат.

Мугалим Кундуз Оморова окуучулар үчүн бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи:

Биздин мектепте кесипке багыт берүү сабагы бар, анда окуучуларга келечектеги кесибин тандоого жардам беребиз. Бул иш-чара биз үчүн университет менен таанышууга эң сонун себеп болду. Ар кандай класстардан 70 окуучуну алып келдим. Уюштуруу иштери бизге абдан жакты, ошондой эле студенттер өздөрү баарын айтып бергендиктен маалымат берүү процесси жеткиликтүү болду. Биздин гимназияга АЭУнун өкүлдөрүн чакырабыз деп ойлоп жатам. Мыкты иш-чара үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдиргим келет.

Руслан Исаев, АЭУнун IT факультетинин деканы, факультетке тапшырууну каалагандардын саны арбын экендигин айтты :

Презентациянын жүрүшүндө биз абитуриенттерди кызыктырган көп берилүүчү суроолорго жооп бердик. Тапшыруу талаптарын, анын ичинде кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулаткан ЖРТга кошумча предметтерди тапшыруу зарылдыгын түшүндүрдүк. Ошондой эле мыкты студенттер 4 жылда эки өлкөнүн дипломун ала турган кош диплом программалары тууралуу айтып бердик.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө, коноктор, жаа атуу, Bumper Ball жана башка сыяктуу ар кандай оюндарга катышып, ошондой эле алты өлкөнүн диаспораларынын тамак-аштарын татып көрүштү. Жарманкеде чогултулган бардык каражаттар кайрымдуулук иштерине жумшалат. Ошондой эле иш-чарада кесипкөй бий жана музыкалык топтор, ошондой эле АЭУнун таланттуу студенттери ыр-бийлерин тартуулашты. Концерттик программанын башкы коногу белгилүү ырчы Мирбек Атабеков болду.

Көптөн күткөн иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Бардык конокторго активдүү катышкандыгы үчүн, уюштуруучуларга, ошондой эле иш-чараны даярдоого жана өткөрүүгө жардам көрсөткөндөргө ыраазычылык билдиребиз.

Сүрөт отчету:

Толук фото-материалдар үчүн шилтеме