2024-жылдын 8-апрелинен 14-апрелине чейин АЭУнун административдик-чарбалык иштери боюнча проректору Сейитбек Тиллеков жана Эл аралык мамилелер кеңсесинин директору Эдил Коногалиев Түштүк Кореянын бир нече жогорку окуу жайларында болушту.
Алар Inha University, Solbridge International Business School, Mokwon University, Kyungwoon University жана Gyeongsang National University окуу жайларына барышты. Жолугушуунун жүрүшүндө эки окуу жайдын өкүлдөрү студенттердин жана мугалимдердин алмашуусунун санын көбөйтүү, медицина жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү, тажрыйба алмашуу, Global Korean Scholarship программасын илгерилетүү, ошондой эле кош диплом программалары сыяктуу кызматташуунун мындан аркы келечегин талкуулашты.
Белгилей кетсек, жакын арада Solbridge International Business School’дун магистранттары менен Ph.D студенттери стажировкадан өтүү максатында АЭУга келүүсү күтүлүүдө.
АЭУ бардык ЖОЖдун өкүлдөрүнө жылуу кабыл алгандыгы жана конструктивдүү диалог үчүн терең ыраазычылык билдирет!